Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды

Кечээ тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткенде Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы шаардын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Ошол учурда аны коштоп келе жаткан ИИМ кызматкерлери жарандар менен урушуп, сөгүнүп-сагынган видеосу тараган.
"Фуралар эл тарабынан токтотулганда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери жарандарга орой мамиле жасап, жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видео соцтармакка тарап, милициянын беделине шек келтирди. Кызматкерлер жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Анын жыйынтыгы менен тартиптик чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Милиционерлер аталган фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Жүк ташуучу унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмаштырылары айтылган.