Милиция Баткенде кармалган тажикстандык фуралардагы жүктү көрсөттү. Сүрөт

Милициянын берген маалыматы боюнча, бул автоунаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалары Россиядан келе жатканын облустук милиция билдирди.
ОИИБдин маалымат кызматы фуралар турмуш-тиричилик үчүн колдонулган күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жүктөп баратканын көрсөтүп, сүрөтүн жарыялады.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Автоунааларды ички иштер органынын кызматкерлери коштоп бара жаткан.
Милиционерлер фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Тажик жарандарынын коопсуздугу үчүн коштоп баруу чечими кабыл алынганы айтылган. Бул жүк ташыган унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылары белгиленди.