Мамлекеттин үлүшү бар компаниялардан бюджетке канча акча түшөрү аныкталды

Кыргызстанда 104 мамлекеттик ишкана менен мамлекеттик үлүшү бар 30 акционердик коом иштеп жатат. Алардан бюджетке канча акча түшөрүн Sputnik Кыргызстан аныктады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Экономика жана финансы министрлиги акыркы үч жылдагы мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун чыгымы жана кирешеси, ошондой эле алардан бюджетке канча акча түшкөндүгү тууралуу маалыматтарды берди.
Мамлекеттик үлүшү бар ишканалар менен компаниялар тууралуу маалымат
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өткөн жылдын жыйынтыгы менен 48 акционердик коомдун акционери болгону белгиленди. Анын ичинен 30 акционердик коом каржылык-чарбалык ишти жүргүзөт.
Эгерде маалыматтарга таяна турган болсок, 2018-жылы акциялардын мамлекеттик пакетине эң көп дивиденддер, тагыраагы, 3 миллиарддан ашык сом түшкөн. Ал эми 2019-жылы азыраак сумма, башкача айтканда, 1,7 миллиард сом чегерилген.
"Бакиевдик" менчиктештирүү кайталанбайбы? Экономика министрлигинин жообу
Жалпысынан үч жыл ичинде 13,5 миллиард сом накталай пайда көргөн. Анын ичинен акциялардын мамлекеттик пакеттери боюнча дивиденддери 6,9 миллиард сомду түзгөн.
Жалпысынан 104 мамлекеттик ишкана бар. Алардын үч жылдагы таза кирешеси дээрлик 3,2 миллиард сомго чамалап барат. 2018-2019-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 893 миллион сом түшсө, узаган жылдын эсебинен дагы жарым миллиард сом алуу пландалып жатат.
Эске салсак, Кыргызстанда объектилердин бир бөлүгүн мамлекеттик үлүш менен сатуу пландалууда.
Мындан тышкары, мамлекеттик акцияларга ээ 17 жоопкерчилиги чектелген коом бар. Алардын алтоо иштеп жатат, бирок көбү өткөн жылы чыгашага учураган.