Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" менен "Ак-Батаны" шайлоодон четтетти

Буга чейин шайлоо жарышынан Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (НДПК) четтетилген эле. Партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына даттанса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (БАШК) "Эмгек" жана "Ак-Бата” партияларын Бишкек шаардык кеңешине шайлоо жарышынан четтетип койду.
Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында аталган партияга шайлоо жарышы учурунда 12 даттануу жана мыйзам бузуулар боюнча 23 маалымат келип түшкөнү айтылды. Анын ичинде административдик ресурстун колдонулушу боюнча дагы айтылган.
"Шайлоочулардын эркине таасир этүү боюнча мынчалык көп даттануулар жана мыйзам бузууларды эске алуу менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" партиясына добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу керек деп эсептейт”, — деди жыйындын докладчысы.
"Ак-Бата” партиясы дагы шайлоо жарышы учурунда добуштарды сатып алган деп айыпталууда.
Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо өтсө кимдер катыша алат. Тартиби
Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү бул чечимдерди жактырышты. Партиялар аталган чечим боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына даттанса болот. Эгер БШКнын чечимин туура эмес деп эсептесе, сотко кайрылууга укугу бар.
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 11-апрель күнү өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шаардык кеңешке алты партия өткөн.