Өткөн суткада 8 бейтап көз жумуп, 283 киши вирус жугузду. COVID статистикасы

Ооруканадагы дарыгерлер. Архив
Өлкөдө коронавирус илештиргендердин жалпы саны 99 316га жетти. Алардын ичинен 92 409 бейтап сакайып, 1 675 киши каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 283 бейтаптан аныкталып, 289у айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 99 316га жетти.
Айыккандар:
Жалпысынан 92 409 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус сегиз адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө көз жумган. Жалпы жонунан 1 675 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Акыркы сутка ичинде 4 159 ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.