Немец дарыгерлери Кыргызстанга пандемия менен күрөшүүгө жардам берет

Чет мамлекеттен келген миссиянын курамына жети адис кирген. Алар ата мекендик медиктерге лабораторияларда коронавирустун ар кыл түрүн аныктоону үйрөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Германиянын медиктери Кыргызстанга коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүгө жардам берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Германиянын медиктери Кыргызстанга коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүгө жардам берет
2 / 2
Билдирмеге ылайык, 10-май күнү Бишкекке Берлин университетинин, Паразитология, тропикалык медицина институтунун медиктери жана эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомунун өкүлдөрү келген.
Билдирмеге ылайык, 10-май күнү Бишкекке Берлин университетинин, Паразитология, тропикалык медицина институтунун медиктери жана эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомунун өкүлдөрү келген.
Радио
Жумаканова: коронавирустун кыргыз штаммын аныктоо үчүн иштер башталды
Чет мамлекеттен келген миссиянын курамына жети адис кирген. Алар ата мекендик медиктерге лабораторияларда коронавирустун ар кыл түрүн аныктоону үйрөтөт.
Улуттук вирусологиялык референс-лабораториялар коронавируска анализ алуу үчүн колдоо көрсөтө турганы айтылды. Бишкек менен Оштогу мамлекеттик лабораториялардын кызматкерлери диагностика жана биокоопсуздук боюнча окутуулардан өтүшөт. Кыргызстандагы лабораториялар 50 миң ПЧР-тест жана башка керектүү жабдууларды ала турганы кошумчаланды.