БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ушул жылдын соңуна чейин ар бир кыргызстандыкты электрондук амбулатордук карталар менен камсыздоо пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева кабарлады.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева
Анын айтымында, саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгү ачык-айкын болушу үчүн иреттелген маалыматтык система талап кылынат.
"Ар бир бейтап электрондук система аркылуу өтүшү зарыл. Электрондук амбулатордук карталар жасалат, бирок ага ресурс жана убакыт керек. Быйыл бул ишти аягына чыгаруу тапшырмасы турат. Былтыр мындай карталарды ишке киргизүүгө коронавирус пандемиясы тоскоолдук жараткан", — деди Өскөмбаева.
Адис бул кадам медиктердин эмгек процессине канчалык катышкандыгын көзөмөлдөп, кошумча төлөмдөрдү адилет бөлүштүрүүгө жардам берет деп эсептейт.