Былтыр банктар канча киреше көргөн? Статистика

Кыргызстанда жалпысынан 23 коммерциялык банк бар. Алардын ичинен 16сында чет элдик капитал бар.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанда коммерциялык банктардын жалпы кирешеси 32,6 миллиард сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ошол эле учурда банктардын капиталынын чыгаша бөлүгү 30 миллиард сомго жетип, 2019-жылга салыштырмалуу 12,8 пайызга көбүрөөк болду.
"Өткөн жылы 22 банк пайда көрсө, бир банк жылды чыгым тартуу менен жыйынтыктады. Коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 2019-жылга салыштырмалуу 10,5 пайызга өсүп, жыл аягында 162,8 миллиард сомду түздү. Кардарлар көбүнчө соода, айыл чарба, ипотека жана керектөө жаатында насыяларды алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле былтыр жеке тараптардын депозиттери дагы 2 пайызга көбөйдү. Жарандар аманат катары банктарга 13,8 миллиард сом салган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Алардын ичинен 16сында чет элдик капитал сакталат.