Коронавируска чалдыккандардын саны жагынан Кыргызстан Кытайдан озуп кетти. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, учурда COVID-19га чалдыккандардын саны боюнча Кытай 96-орунда турса, Кыргызстан андан алдыга чыгып 91-орунду ээледи.
"Коронавирус оорусу өлкөлөрдүн бай, кедейине, медицинанын күчтүү же чабалдыгына эмес, биринчи кезекте тартиптүүлүккө карап жайылды десек болот. Тагыраак айтканда, эли тартиптүү, ички миграция аз мамлекеттерде вирустун таркалышы жай жүрдү. Муну Кытай менен Индиянын мисалында айтсак болот. Вирус алгач Кытайда пайда болуп, медиктер үчүн жаңы илдет экенине, көп маалымат жок болгондугуна карабай өлкө вирусту өз учурунда ооздуктай алды. Ал эми үчүнчү толкун деп аталган учурдагы абалдын Индияда кандай жүрүп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Мунун натыйжасында коронавирустун жугушу адамдардын жеке дисциплинасынан гана көз каранды маселе экендиги аныкталды. Мындай көрүнүштү биз былтыр июнь, июль айларындагы өлкөдөгү абалдан улам деле түшүнүп калдык. Андыктан дагы да болсо той, маараке өткөрүп, зарылчылыгы жок чогула бергенден оолак болуу керек", — деди Нурматов.
Ал ооруга чалдыгып көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин ичинен 99-орунда турарын кошумчалады.