Казань: мектепте окуучуларды аткылады деп шектелген бала 2 айга камалды

Шектүүгө айыбын угузуп жатканда ал эч эмоциясыз, унчукпай турду. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, күнөөсүн мойнуна алды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салды деп шектелип жаткан Ильназ Галявиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мындай баш коргоо чарасын тергөөчүлөр Казань шаарынын Совет райондук сотунан өтүнүшкөн.
“Сот Галявиев эркиндикте жүргөндө башка мыйзамсыз иштерди кылышы мүмкүн деген бүтүмгө келди. Айыбын угузуп жатканда ал эч эмоциясыз, унчукпай турду. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, күнөөсүн мойнуна алды”, — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, Казанда 19 жаштагы бала мектеп окуучуларын көздөй ок чыгарган. Мунун кесепетинен жети бала көз жумган.