Дүйнөлүк банк КРде электр энергиянын баасын өзгөртүүнү кубаттады

Аталган уюм бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда экендигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйнөлүк банк (ДБ) Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте өлкөдөгү электр кубатынын тарифин кайра карап чыгуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти журналисттерге айтты.
"Тарифтер энергетика тармагынын чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүлүп жатат. Бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгондуктан Дүйнөлүк банк колдоду. Калктын жетишпей жашаган катмары үчүн социалдык тариф каралганын угуп кубандык", — деген Бьерде.
Аталган уюмдун өкүлү тариф реформасы жетишпей жашагандарга кедергисин тийгизбеши керек деген пикирин билдирген.
Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер
"Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз, себеби бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда. Муну менен катар эле тариф реформасы жетишпей жашагандардын мойнуна жүк болбошун каалайбыз", — деген ДБнин өкүлү.
21-апрелде Садыр Жапаров электр кубатынын тарифтерин өзгөртүүнү сунуштаган.
Категориялар: