Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү белгилүү болду

Беш күндөн кийин ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдыктар көрүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбор калаада 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгонун мэриядан билдиришти.
Жаан жаап, күн күркүрөйт. Бир аптага карата аба ырайы
Бир ай ичинде суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдыктар көрүлөт.
Былтыркы жылы ысык суу 1-июлдан тарта токтотулган.