Бишкекте майрамдык айт намаз эски аянтта окулбай турган болду

Буга чейин борбор калаанын мэриясы коронавирус кайрадан тездик менен тарап жатканына байланыштуу айт намаздын эски аянтта окулушуна чектөө киргизүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектин эски аянтында майрамдык айт намаз окулбай турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алган.
"Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин борбор калаанын мэриясы коронавирус кайрадан тездик менен тарап жатканына байланыштуу айт намаздын эски аянтта окулушуна чектөө киргизүүнү сунуштаган.
Намаз убактысы — Бишкек. Намазды качан баштоо керек, учурдагы ай үчүн