Милиция 49 жаштагы Бактыгул Саякбаевди издеп жатат. Сүрөтү, белгилери

Изделип жаткан кишинин аркасынын оң жагында тырыгы бар. Ал 24-апрелде Ысык-Ата районундагы үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 49 жаштагы Бактыгул Саякбаев изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Дайынсыз жоголгон 49 жаштагы Бактыгул Саякбаев изделип жатат
Билдирмеге ылайык, эркек киши 24-апрелде Ысык-Ата районундагы үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Агасы менен отунга бараткан. Чаткалда 6 жаштагы бала дарыяга агып кетти
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара жана кыска, көзү күрөң.
Ак-кара сызыктуу футболка, көк түстөгү спорттук шым жана бутуна көк өңдөгү сланцы кийип жүргөн.
Өзгөчө белгиси — аркасынын оң жагында тырыгы бар (беш сантиметрдей).
Милиция изделип жаткан адам тууралуу 0(312) 61-69-07 жана 0(708) 10-21-10 номерине кабарлап коюуну өтүндү.