Министр Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши менен Кытайдан жолукту

Министрлер эки өлкөнүн чек ара аймагындагы талаштуу жерлерди юридикалык жактан тариздөө мындан аркы кызматташууга оң таасир бере турганын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бүгүн, 11-майда, Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
1 / 2
Бүгүн, 11-майда, Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөштү
2 / 2
Министрлер жакынкы келечекте боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-чараларды уюштуруу маселелерин дагы талкуулашкан.
Маалыматка караганда, тараптар тышкы иштер министрлеринин "Борбордук Азия – Кытай" кеңешмесинин алкагында жолугушкан.
"Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки мамлекеттин аймагын жана чек арасын өз ара урматтап, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай тургандыктарын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.