Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучу аткылаган жерде тогуз киши каза болду. Калган балдар мектептен эвакуацияланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Татарстандын Казань шаарындагы мектепте ок атуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча, сегиз киши көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Интернетте балдар октон качып жүргөн видео тарады. Каргашалуу окуя Файзи көчөсүндө жайгашкан № 175 мектепте болгону айтылууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, окту өспүрүм чыгарган. Учурда ал кармалып, башка окуучулар эвакуацияланып жатат.
Жерине 20 тез жардам бригадасы, президент Рустам Минниханов жана прокурор Илдус Нафиков барган.
РИА Новости агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерде бери дегенде сегиз киши каза тапкан, алардын басымдуу бөлүгү балдар. Төрт киши ооруканага жаткырылды.
1 / 5
Татарстандын Казань шаарындагы мектепте ок атуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча, тогуз киши көз жумду
2 / 5
Каргашалуу окуя Файзи көчөсүндө жайгашкан № 175 мектепте болгону айтылууда
3 / 5
Алдын ала маалыматтарга караганда, окту өспүрүм чыгарган
4 / 5
Учурда ал кармалып, башка окуучулар эвакуацияланып жатат
5 / 5
РИА Новости агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерде бери дегенде тогуз киши каза тапкан, алардын басымдуу бөлүгү балдар. Төрт киши ооруканага жаткырылды.