Бишкекке газ менен жүргөн 350 автобус алынат. Биринчи партиясы июлга чейин келет

Транспорт Өзбекстанда өндүрүлгөн. Автобустарды Бишкекке бир жылдын ичинде алып келүү пландалууда. Ал эми биринчи партиясы 1-июлга чейин келери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекке Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобус алып келинет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
1 / 3
Бишкекке Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобус алып келинет
2 / 3
Автобустар Өзбекстанда өндүрүлгөн жана өлкөгө бир жылдын ичинде жеткирилет
3 / 3
Бүгүн мэрия "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Автобустар Өзбекстанда өндүрүлгөн жана өлкөгө бир жылдын ичинде жеткирилет. Муниципалитеттен убадалашкандай, биринчи партия 1-июлга чейин келет.
Бүгүн мэрия "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкектеги экологияны сактоонун маанилүүлүгүн белгилеген.
Эки жылдын аралыгында мындай автобустардын санын 1000ге жеткирүү пландалып жатканы айтылды.