Фрунзе аскердик авиациялык училищесинен убагында Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак, Сириянын президенти Хафез Асад жана башка көптөгөн аскердик жана мамлекеттик кызматкерлер билим алган. Бул тууралуу Жумагүл Жолматова Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputniknews.com/popup_radio/14/s маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аскер институту Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1500 учкучту даярдап чыгарган.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы институттун 80 жылдык тарыхы бар. Ал 1940-жылы атайын учкучтар мектеби катары түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1500 учкучту даярдап чыгарган. Алардын ичинен төртөө Советтер Союзунун баатыры деген жогорку наамга ээ болгон. 1956-жылдан тарта чет өлкөлүктөрдү кабыл алуу колго алынган. Ошондон тарта аталган окуу жайдан учурунда Сириянын мурдагы президенти Хафез Асад, Египеттин экс-президенти Хосни Мубарак, Монголиянын космонавт изилдөөчүсү Жугдэрдэмидийн Гуррагча жана Индиянын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Дилбах Сингх сыяктуу дүйнөнүн көптөгөн көрүнүктүү мамлекеттик жана аскердик кызматкерлери билим алган. Өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан тарта окуу жай өзгөртүүлөргө туш болуп, 2005-жылдан тарта Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун ысымын алып жүрөт", — деди Жолматова.
Ошондой эле ал аскер институтунун бүтүрүүчүлөрү Ош жана Баткен коогасында мыктылыгын көрсөткөнүн кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: