Депутаттардын жыйынга чогулган күндөрүн кыскартуу сунушталды. Себеби

Мыйзам долбоорунда отурумду онлайн өткөрүү жана добуш берүүдө манжанын изин колдонуу менен беттен таануу сыяктуу жаңы нерселер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынын азыркыдан да азайтуу сунушталууда.
Депутат Марлен Маматалиев ЖКнын регламенти жөнүндө мыйзам долбооруна түзөтүү киргизүү демилгеси менен чыкты. Учурда парламент шаршемби жана бейшемби күндөрү, жумасына эки ирет чогулат (комитеттер менен фракция жыйынын кошпогондо).
Маматалиев депутаттардын жыйынга айына эки ирет — шаршемби жана бейшемби күндөрү (бир айда төрт отурум) гана чогулуусун сунуштап жатат. Ал эми жыйындын ортосунда өкмөттү алаксытпай, парламентарийлердин мыйзам чыгаруу жана шайлоочулар менен жолугуусу демилгеленүүдө.
Депутат Атазов 8%дан жогорку кредитти арам деп атоону сунуштады
Депутат министрлер кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңешке көп бара берип, аларга өздөрүнүн түз милдеттерин аткарууга убакыт калбастыгын айткан. Дүйшөмбү, шейшембиде алар ЖКнын комитеттер жыйынына чакырылса, шаршемби жана бейшембиде палатанын отурумуна, ал эми жума күнү фракциянын чогулушуна келиши керек. Мындан сырткары, министрлер кабинетинде да өздөрүнүн жыйындары өтөт.
Парламентарий, андан тышкары, отурумда депутаттарга манжанын изи жана бетти тааныган биометриялык маалымат менен добуш берүүнү сунуштап жатат. Бул ишке кирсе, бир депутаттын экинчиси үчүн да добуш берип коюу адаты жоюлмакчы.
Маматалиев онлайн-жыйынга өтүп, тагыраагы, видеоконференция тартиби менен иштөөнү сунуштады. Онлайн-отурум өткөрүү чечимин парламенттин төрагасы өз алдынча же ЖК депутаттарынын үчтөн биринин добушу менен кабыл алынышы керек.