Радио

Кубатаев: павлониянын тамыры 70-100 жыл жашайт

Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев аталган даракты курулушта колдонуудагы артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Павлонияны курулушта колдонсо болот. Анткени ал карагайга салыштырмалуу кыйла бышык жана өрткө туруктуу. Бул тууралуу Эрмек Кубатаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстанда павлонияны бизге салыштырмалуу 3-4 жыл мурда өстүрүп баштап, учурда андан ар кандай буюмдарды жасоо колго алынууда.
"Павлониянын тамыры 70-100 жылдай жашайт. Ошол мөөнөнттө аны 5-8 жолу кыйып колдонууга болот. Кыйылган соң кайра ошол жерден өсүп чыга берет. Жумшактыгы мырза теректей болгону менен бышыктыгы карагайларга салыштырмалуу кыйла бекем. Ийилчээк болгондуктан сынып кетпейт, бул сапаты курулушта абдан бааланат. Жыгач үйлөрдү, эмеректерди, эшик, терезелерди жасоого ыңгайлуу. Анткени өрткө туруктуу. Интернет барактарында павлонияны ар кандай сыноолордон өткөрүп жаткан видеолорду табууга болот. Айтор, анын башка дарактарга салыштырмалуу артыкчылыктары абдан көп. Отургузгандан баштап эки-үч жыл сугарылат. Аптасына 10-20 литр суу ичет. Ансыз өсүүсү жай болуп, кирешени аз берип калышы ыктымал. Өлкөдө токойлор аз болгондуктан сырттан карагай ташып келинет. Ошондуктан өлкөдө павлония өстүрүүнү колго алуу менен жыгачтын импортун азайтууга мүмкүндүк бар", — деди Кубатаев.
Ошондой эле ал өлкөдө бул даракты көбөйтүү колго алынса сатуу көйгөй жаратпай турганын кошумчалады.