Максат айылы: өрттөлгөн үйлөр буздурулуп, жашоочулар боз үй, чатырда жашоодо

Максат айылындагы өрттөлгөн 83 турак үйдүн 28и буздурулган. Айылдагыларга жеке тараптан келген жардам үзүлө элек.
Sputnik
БАТКЕН, 10-май – Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы калктуу пунктуларга, анын ичинен Лейлек районунун Максат айылына Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен улам өрттөлгөн үйлөр буздурулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнүн маалыматына ылайык, өрттөлгөн 83 турак жайдын учурда 28и буздурулуп, таштандылар Максат айылынын четиндеги таштанды таштоочу аймакка төгүлүп жатат.
Аталган айылга ӨКМ 21 чатыр тикти. Анда кол салуунун кесепетинен үйсүз калган үч бүлө жана ӨКМдин кызматкерлери жашап жатышат. Жеринде ысык тамак да уюштурулган.
1 / 10
Кыргыз-тажик чек арасындагы калктуу пунктуларга, анын ичинен Лейлек районунун Максат айылына Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен улам өрттөлгөн үйлөр буздурулуп жатат.
2 / 10
ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнүн маалыматына ылайык, өрттөлгөн 83 турак жайдын учурда 28и буздурулуп, таштандылар Максат айылынын четиндеги таштанды таштоочу аймакка төгүлүп жатат.
3 / 10
Аталган айылга ӨКМ 21 чатыр тикти.
4 / 10
Анда кол салуунун кесепетинен үйсүз калган үч бүлө жана ӨКМдин кызматкерлери жашап жатышат.
5 / 10
Жеринде ысык тамак да уюштурулган.
6 / 10
Лейлек районундагы Катраң айыл өкмөтү жардам катары Максат айылына төрт боз үй тигип берген.
7 / 10
Үйү өрттөнгөн жарандар бул боз үйлөрдө убактылуу баш калкалап турат.
8 / 10
Чатырлар тигилген аймакка атайын медициналык пункт уюштурулуп, анда үч кызматкер — дарыгер, медайым жана фельдшерден турган топ 24 саат бою тынымсыз иштеп, муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүүдө.
9 / 10
Кабарчы жергиликтүүлөргө жеке тараптардан гуманитардык жардам көрсөтүү уланып жатканын белгиледи.
10 / 10
Максат айылы
Лейлек районундагы Катраң айыл өкмөтү жардам катары Максат айылына төрт боз үй тигип берген. Үйү өрттөнгөн жарандар бул боз үйлөрдө убактылуу баш калкалап турат.
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Чатырлар тигилген аймакка атайын медициналык пункт уюштурулуп, анда үч кызматкер — дарыгер, медайым жана фельдшерден турган топ 24 саат бою тынымсыз иштеп, муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүүдө. Тез жардам кызматы да уюштурулган.
Дарыгер Досбай Турдукуловдун айтымында, кайрылгандардын көпчүлүгү кан басымы көтөрүлгөндөр жана балалуу энелер.
Кабарчы жергиликтүүлөргө жеке тараптардан гуманитардык жардам көрсөтүү уланып жатканын белгиледи. Кайгуул милиция Максат айылынын аймагында кызматын өтөп жатат.