Мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылды. Артыкчылыгы

Жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, процессти жеңилдетет. Ошондой эле маянага каралган каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. "Педагогдордун эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө" системасы ишке кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымат борбор
Арыз жиберсең, отчётун аласың. Шаардыктар үчүн жаңы система ишке кирди
Бул система 2019-жылдын ноябрь айынан баштап Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өткөнү кошумчаланды.