Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды

Маалыматта ар кандай үлгүдөгү он даана жеңил унаа жана Howo үлгүсүндөгү алты оор жүк ташуучу унаа уурдалганы айтылды.
Sputnik
БАТКЕН, 10-май — Sputnik. Лейлек районунда 28-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда жалпы он алты унаа уурдалган. Бул тууралуу бүгүн, 10-май күнү, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов Максат айылында өткөн жыйын учурунда билдирди.
1 / 2
Лейлек районунда 28-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда жалпы он алты унаа уурдалган
2 / 2
Бул тууралуу бүгүн, 10-май күнү, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов Максат айылында өткөн жыйын учурунда билдирди
Анын айтымында, жаңжал учурунда беш унаа күйүп, төрт унаа талкаланып, жараксыз абалга келген.
Ал эми ар кандай үлгүдөгү он даана жеңил унаа жана Howo үлгүсүндөгү алты даана оор жүк ташуучу унаа уурдалган.
"Учурда Тажикстандын күч түзүмдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, уурдалган үч унаа кайтарылды. Мындан сырткары, он үч унааны издөө жана кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жаңжалдан соң 13 кылмыш иши козголгон. Турак жайларды өрттөө боюнча бир кылмыш иши, адам өлтүрүү боюнча да бир кылмыш иши, дагы башка жагдайлар боюнча иштер козголду", — деди Хажиматов.
Барымтага алынган кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүүдө. Сүрөт
Ал кошумчалагандай, чыр-чатак учурунда райондун аймагынан отуздан ашуун ири мүйүздүү мал жана алтымыштан ашуун майда жандык уурдалган.
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан кийин Лейлек районунда он бир тергөө тобу түзүлүп, 35 тергөөчү Максат, Арка жана Борбордук айылдарында иштеп жатышат.