Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы келди

Апрелде аталган препараттын биринчи дозасы келген. Россиялык вакцина чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан 65 жаштан өйдө курактагыларга гана сайылат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкекте COVID-19га каршы вакцинаны кайсы жерден алса болот. Номерлери
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин 20 миң доза 10 миң адамга жете турганын билдирген.
Белгилей кетсек, "Спутник V" чектелүү гана көлөмдө келип жаткандыктан жаш курагы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Башка каалоочулардын бардыгы кытайлык Sinopharm препаратын ала алышат.