Өкмөт өсүмдүк майы менен кумшекердин баасын 90 күн көзөмөлдөйт

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Документ 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Мамлекет социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн баасын убактылуу жөнгө салат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон бааны мамлекет тарабынан жөнгө салуу механизми 90 күн иштейт.
Чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.