Футбол боюнча улуттук команданын дарбазачысы Айчүрөк беларустук "Неманга" өттү

Клуб спортчу менен  2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү. Айчүрөк кечээтен тарта жаңы командасы менен машыгууга киришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова Беларустун "Неман" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 
Маалыматка ылайык, клуб футболчу менен 2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү.  Айчүрөк кечээтен тарта жаңы команда менен машыгууга киришкен.
"Толонова Кыргызстандын улуттук курмама командасынын ар кандай жаш курактагы топторунда ойногон. 2018-жылы алгачкы жолу өлкөнүн жаштар курама командасынын дарбазасын коргоп чыккан. 2018-жылы өлкөнүн мыкты дарбазачысы наамына татыган", — деп айтылат маалыматта.
2019-жылы кыргызстандык футболчу кыз Казакстандын СДЮСШОР №8 балдар спорттук мектебинин олипиадалык резевдер командасында ойноп, чемпионатта үчүнчү орунга жетишкен.