Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага "Офицердин жубайы" медалы тапшырылды. Сүрөт

Кылымга тете жашаган Анипа апа жолдошунун каза болгонуна 40 жыл өтсө да анын эмгегин эске алып, сыйлык тапшырып жаткандарга ыраазычылыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага "Офицердин жубайы" медалы берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага "Офицердин жубайы" медалы берилди
2 / 2
Ага сыйлыкты милициянын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Ашыркул Асанов тапшырган.
Ага сыйлыкты милициянын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Ашыркул Асанов тапшырган.
Маалыматка ылайык, Анипа апанын жолдошу Молдоакмат Кабенов ички иштер органдарында иштеп, милициянын капитаны наамына жеткен. Жубайлардын экөө тең 1923-жылы Чүй облусунун Чүй районунда туулган.
"Молдоакмат ата жашынан эле оор турмушту башынан өткөрүп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Жумушуна байланыштуу Чүй жана Нарын облустарында эмгектенип, акыркы жылдары Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык ИИБдин жетекчилик кызматтарында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Анипа апа согуш мезгилинде оорукта эмгектенген. Молдоакмат атанын ийгиликке жетип, кызматтан жогорулашына эмгеги чоң экендиги талашсыз. Офицердин жубайы болуу канчалык түйшүктүү жана сыймыктуу экенин мыкты билет", — деп айтылат маалыматта.
Анипа апа жолдошунун каза болгонуна 40 жыл өтсө да анын эмгегин эске алып, сыйлык тапшырып жаткан жетекчиликке ыраазычылыгын билдирип, батасын берген.
Жубайлар төрт баланы тарбиялап, жогорку билим беришкен. Неберелери күч түзүмдөрүндө жана укук коргоо органдарында кызмат өтөйт.