Бишкекте COVID-19га каршы вакцинаны кайсы жерден алса болот. Номерлери

Мэриядан билдиришкендей, кытайлык вакцина бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү. Россиялык вакцинанын саны аз болгондуктан 65тен жогорку курактагыларга гана сайылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек мэриясы кайсы бейтапканалар менен ооруканаларда коронавируска каршы вакцина бар экенин эскертти.
Буга чейин кытайлык Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасынын 30,4ү Бишкекке бөлүнгөн. Ал эми россиялык "Спутник V" (20 миң доза) препаратынын 6 800 дозасы борбор калаага берилген. Белгилей кетсек, россиялык вакцина 65 жаштан жогорку курактагыларга гана сайылат.
Бардык суроолор боюнча 31-32-97 тынымсыз байланыш номерине жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун иммундук профилактика бөлүмүнө 0 (708) 52-17-10, 54-65-21 жана 54-61-04 номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Кытайлык вакцинаны кайдан алса болот: