Куралдуу күчтөрдүн Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна тапшырууга жылына 100 балага квота берилет. Бул тууралуу Болот Кочконов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу бюджеттик негизде жүргүзүлүп, студенттерге атайын стипендия чегерилген.
"Аталган институт союз кезинде авиациялык болчу. Кийин мото-аткычтар офицерлерин даярдоого багытталган. Учурда аскердик тармакта реформалар жүргүзүлүп, казармалар оңдолуп, тамак-аш жакшыртылууда. Техникалык камсыздоо дагы салыштырмалуу кыйла жакшырды. Мындан тышкары, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жүргүзүлгөн аскердик окутууларда Кыргызстан жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө байланыштуу аскердик окуу жайга тапшырууга умтулгандар көбөйүүдө. Анын үстүнө башка ЖОЖдорго салыштырмалуу окутуу бюджеттик негизде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр кургактагы аскер техникасын эксплуатациялоо кесиби боюнча бакалавр даражасына ээ болушат. Төрт жылдык окутуунун жүрүшүндө окугандар кийим, тамак-аш, жатакана менен камсыздалып, аларга стипендия дагы чегерилет. Окуу программасына жалпы гуманитардык жана табигый сабактар кирет. Андан тышкары, атуу, тактика, техникалык жана дене тарбиясы боюнча дисциплиналар бар. Жалпысынан жылына 100 квота бөлүнүп, ошого тууралап кабыл алуу иштери жүргүзүлөт. Анын 25и чек арачы болуп чыкса, калган 75 студент мото-аткычтар адистигин аякташат", — деди Кочконов.
Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөр сөзсүз иш менен камсыз болорун кошумчалады.