БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып темирдин жетишсиздиги байкалган аз кандуулук эркектерде ичеги-карын рагына алып келиши мүмкүн экенин айтты.
Ага шилтеме берип РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, аял кишиде гемоглобиндин кээде төмөн болуп калышын этек кир, кош бойлуулук, төрөт сыяктуу табигый нерселер менен түшүндүрүүгө болот.
"Эркектерде мындай нерселер болбогондон кийин аз кандуулук байкалса, дароо текшерүүдөн өтүү керек. Көпчүлүк учурда ичеги-карын, ашказанда акырындан кансыроо болуп жатышы мүмкүн. Жара, атургай залалдуу шишик болушу ыктымал", — деди дарыгер.
Андыктан медик алсыздык, бат чарчоо, тамакка табиттин жоголушу, баш айлануу, көз караңгылоо сыяктуу белгилер байкалган учурда дароо кан тапшырып көрүүнү сунуштайт. Эгер гемоглобин түшүп кеткен болсо, гастроэнтерологго кайрылып, тамак сиңирүү системасын текшертип коюу керектиги айтылат.
Гемоглобин — бул кандын кычкылтекти өпкөдөн организмдин ткандарына ташып, көмүр кычкыл газды ткандардан өпкөгө ташуучу компоненти. Ал канга кызыл түс берип турат.