Бишкекте "Өлбөс полктун" чакан жүрүшү болду. Сүрөт, видео

Чакан жүрүшкө 50гө чукул адам катышкан. Алар согуш ардагерлеринин сүрөтү менен Түштүк дарбазадан Жеңиш паркына чейин жөө барышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкекте Жеңиш майрамына карата "Өлбөс полктун" чакан жүрүшү болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.
Анын айтымында, 50гө чукул адам согуш ардагерлеринин сүрөтү менен Түштүк дарбазадан Жеңиш паркына чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен барышкан.
"Биз санитардык талаптардын баарын так сактадык. Ошондой эле жолдогу кыймылга да тоскоолдук жараткан жокпуз. Эл өзү эле чогулуп, уюшуп кетти. Бизге милиция да жардам берип, коштоп жүрдү. Иш-чара чакан болгону менен кызыктуу өттү", — деди ал.
Жүрүштөн кийин Жеңиш аянтында чакан концерт өткөн. 
Бишкекте "Өлбөс полктун" чакан жүрүшү болду
Эске салсак, быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген.
Жүрүш быйыл өзгөчө форматта өткөрүлүүдө, тагыраагы, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды.