Коронавирусту дарылаган кайсы ооруканада бош орун көбүрөөк? Тизме

Бишкекте коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн 10 оорукана даярдалган. Азыркы тапта анын экөөндө бош орун жок экени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
9-май саат 12:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 8 ооруканада 132 орун бош:
Учурда Улуттук хирургия борбору менен Чүй облустук ооруканасында бош орун жок экендиги айтылды.
Өткөн суткада Кыргызстанда 6 бейтап каза таап, 321 адам ооруну жуктурду.