Радио

Шатманов: Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн саякаттаса болот

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргызстандын кооз жерлерин, тарыхый мурастарын, шаарларды онлайн-форматта саякаттаса болорун айтты.
Sputnik
Эми бардык каалоочулар өлкөнүн кооз жерлери тууралуу веб-сайтынан үч тилде кенен маалымат ала алат. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ошондой эле жетекчи туризмди өнүктүрүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун айланасында беш туристтик борбор ачыла тургандыгын кошумчалады.