Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. 10-11-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +21...+26 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +20...+25 градус ысык болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ош калаасында +26...+28, борбордо +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.