Радио

Мырзаканов: Кыргызстанда Белгисиз жоокердин эстелиги тургузулушу керек

"Эрдик-Подвиг" фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов өлкөдө Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун эрдиги даңазаланышы керектигин белгиледи.
Sputnik
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун урматына Белгисиз аскердин эстелиги орнотулушу керек. Бул тууралуу Каныбек Мырзаканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай эстеликтер көп өлкөлөрдө орнотулган.
"Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун баарынын сөөгүн таап, аныкташ кыйын. Биз Кыргыз ССРинин мураскери, эгемендүү мамлекет болгон соң өлкөдө Белгисиз жоокердин айкели болушу керек. Себеби 10 миңдеген жоокердин дареги дайынсыз. Алардын урпактары куран түшүрүп, эрдигин даңктап турушу зарыл. Мындай эстеликтер Россияда жана башка дүйнөнүн 40 мамлекетинде бар. Кыргызстандын жоокерлери СССРдин катарында согушуп, жеңишке жетишкен. Андыктан алардын арбактары даңкталышы шарт. Калининградга барганда, ал жакта ардагерлер тууралуу маалымат издөө менен алек болгондордун айтымында, көптөгөн сөөктөр табылып, ким экени аныкталбай калат экен", — деди Мырзаканов.
Ошондой эле ал эгерде Белгисиз жоокердин эстелиги орнотулса, анын тарбиялык мааниси дагы болорун кошумчалады.