БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бүгүн, 9-майда, Бишкекте Жеңиш майрамынын урматына салют атылбайт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, адатта салютка кеткен каражат 9-майды белгилөөгө бөлүнгөн каражаттын ичинде болуп келген. Быйыл коронавирустан улам массалык иш-чаралар менен кошо салют аттыруу дагы жокко чыгарылган.