БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.
Ага президент Садыр Жапаров, мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.
Алар Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылышты.
Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргызстандын гимни жаңырды.