Таразага түшө албай калтыраган АКШ мушкеринин беттеши токтотулду. Видео

Америкалык атлет бутуна тура албай калган абалга жеткени аз келгенсип, салмагы дивизиондогу ченемден үч фунтка ашып кеткен. Мындан улам ага беттешке чыгууга уруксат берилген эмес.
Sputnik
UFC мушкери, америкалык Райан Бенойт менен өзбекстандык Заррух Адашевдин UFC on ESPN 24 мелдешиндеги беттеши токтотулду. Буга АКШлык спортчунун таразага түшүүдө калтырап баса албай калганы себеп болду. Окуянын видеосу Youtube каналына жарыяланды.
UFC Нуньес чемпион болуп турган дивизионду жабат
UFC уюмунун кезектеги мелдеши 9-майда Лас-Вегаста өтөт.