Суусу азайып кеткен Токтогул суу сактагычынан таасирдүү 15 сүрөт

Sputnik

Суу сактагыч куруу үчүн жарым кылым мурун 25тей айыл, аэропорт, бир кыш заводу суу алдында калган эле. Суунун деңгээли төмөндөп кеткендиктен дал ушул заводдун айрым жерлери көрүнүп калган. Аталган аймак жергиликтүүлөрдүн эле эмес, чет жактан келгендердин да көңүлүн буруп жатат. Түзүлгөн жагдайдан пайдаланып, металл издегендер да көпкө күттүргөн жок.

Суунун мынчалык азайып кетиши кооптуулук жаратат. Эгер суук түшкөнгө чейин тийиштүү көлөм чогулбаса электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурайт. Токтогул ГЭСи өлкөдөгү электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгарат.

Баса, суу сактагычты видеого да тартып келдик.

1 / 15
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйыл кескин азайып кетти
2 / 15
Жадагалса жарым кылым мурун суу алдында калтырылган курулуштар көрүнүп калды
3 / 15
Бул кыш заводунун урандысы
4 / 15
Өткөн кылымда суу сактагыч үчүн кирпич заводунан тышкары 25 айыл менен аэропорт атайылап суу астында калтырылган
5 / 15
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, адатта күн жылыгында суу тоо этектеп калчу
6 / 15
Керек болсо унутта калган туздуу суунун булагы да пайда болуп калды
7 / 15
Жергиликтүү жашоочулар атайын аймакты көрүү үчүн келип турушат
8 / 15
Айрымдар мындан пайда да көрмөкчү болушкан — мурунку заводдун урандысы көрүнгөн жерди казып, баалуу нерсе издешкен. Ал эми фундаментинен металл чыгарууга аракет кылышкан
9 / 15
Суу сактагычка 19,5 миллиард куб метр суу батат
10 / 15
Ал эми суу жок калды дегенде 5,5 куб метрге барат. Бирок мындай кырдаалда өлкөнүн башкы ГЭСи электр энергиясын өндүрө албай калат
11 / 15
Анткен менен быйылкыдан да кооптуу көрсөткүчкө жеткен мезгилдер болгон
12 / 15
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматы боюнча, 2009-жылдын май айында 6,3 миллиард, ал эми 2014-жылдын майында 8,4 миллиард куб метр болгон
13 / 15
Бүгүнкү күндө суу сактагычта 9 миллиард куб метр суу бар
14 / 15
Ошентсе да жаан-чачын көбүрөөк болсо экен деп тиленип жаткан маал
15 / 15
Болбосо электр энергиясына байланышкан көйгөйлөр менен алпурушууга туура келет