Радио

Адис соңку жылдары кардын аз жаап жаткан себебин түшүндүрдү

Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов жаратылыш кубулуштары өз ара байланышта жана бири-биринен көз каранды экенин орус окумуштуусу Василий Докучаев айтканын белгиледи.
Sputnik
Кыргызстанда жайдын аптаптуу болуп, кышкысын кардын аз жаап жатканы глобалдык процесстен көз каранды. Бул тууралуу Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бул көрүнүшкө 1948-жылы негизделген Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору байкоо жүргүзүп келет.
"Докучевдин идеясын негиз кылып академик Андрей Григорьев, Григорий Авсюк жана башкалар "Тянь-Шань физико-географиялык станциясын" түзүшкөн. Ал учурда Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору деп аталып, ошол идеянын тегерегинде институт бүгүнкү күнгө чейин иш алып барууда. Ал идеяга ылайык, Борбор Азияда кышында кардын аз түшүп, жайдын аптаптуу болуп, климатынын өзгөрүшү жалпы глобалдык процесске байланыштуу. Алсак, Гренландия тосмосу кескин эрип, Россиянын түндүгүндөгү суулардын көп өлчөмдө Атлантика океанына куюлушунан улам анын туздуулугу азайып кеткен. Натыйжада муздак суу массасы ылдый түшүп, аралашуу төмөндөгөнүнүн кесепетинен "голд стрим" деген агымдын басаңдашына алып келген. Бул абанын глобалдык ысып кетишинин негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Мындан тышкары, кардын кышында аз түшүп жатышына Сибирь антициклонунан улам нымдуу абанын агымы Борбор Азияга келиши себеп. Мына ушул жана башка себептерден улам глобалдык жылуулуктун таасирин сезип жатабыз. Кургакчылык мурда деле болчу, бирок соңку учурда күчөп жатканы байкалууда", — деди Сатылканов.
Ошондой эле ал бул процесстер өлкөдөгү мөңгүлөрдүн эрип жатышына кыйыр же түз таасирин берип жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: