Ош шаарында эки күндөн бери суу жок. Мэрия унаа менен ташымай болду

Таза суунун үзгүлтүккө учурашына Папан суу сактагычы тарапта сел сүрүп, Ак-Буура дарыясы ылайланганы себеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ош шаарында эки күндөн бери ичүүчү суу берилбей жатат. Таза суунун үзгүлтүккө учурашына жааган жамгырдан улам Папан суу сактагычы тарапта сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы ылайланганы себеп болгонун мэрия кабарлады.
Ош шаарында эки күндөн бери ичүүчү суу берилбей жатат
Буга байланыштуу Юго-Восток, ХБК, Туран, Достук кичи райондору, Калинин массиви жана башка конуштар кечээтен бери суусуз отурат.
Мындан улам калаа мэриясы "Ош суу канал" ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын билдирди.
Таза суу алууну каалаган шаардыктар төмөнкү телефондор аркылуу чалып ала алышат: