Ошто жашаган согуш ардагерлеринин саны айтылды

Калаадагы согуш ардагерлеринин эң улуусу 100 жаштагы Самибай Артыков, ал эми кичүүсү быйыл 94 жашка толот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ош шаарында учурда Улуу Ата Мекендик согуштун беш ардагери жана оруктун 10 каарманы жашайт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
1 / 4
Ош шаарында учурда Улуу Ата Мекендик согуштун беш ардагери жана оруктун 10 каарманы жашайт
2 / 4
Жеңиш майрамына карата ардагерлерди Россиянын Чек ара кызматынын ыкчам тобу, Ош шаарындагы башкы консулдугу жана "Россотрудничество" шаардык муниципалитет менен биргеликте куттукташкан
3 / 4
Алар калаадагы 100 жаштагы Самибай Артыков, 96 жаштагы Салахидин Токтобаев, 94 жаштагы Александр Гусаков, 96 жаштагы Касымбай Жолдошов жана 98 жаштагы Анна Тягунованын үйүнө барышкан
4 / 4
Ал эми өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү облустун аймагында согуштун 11 жана оруктун 179 ардагери бар экенин маалымдады.
Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет
Алар калаадагы 100 жаштагы Самибай Артыков, 96 жаштагы Салахидин Токтобаев, 94 жаштагы Александр Гусаков, 96 жаштагы Касымбай Жолдошов жана 98 жаштагы Анна Тягунованын үйүнө барышкан.
Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү облустун аймагында согуштун 11 жана оруктун 179 ардагери бар экенин маалымдады.