Активист Жеңиш Молдокматов эки айга камакка алынды

Буга чейин кармалган Молдокматовдун баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту тандаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жарандык активист Жеңиш Молдокматов эки айга камакка алынганын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Соттун чечимине ылайык, Молдокматов №1 тергөө абагында 6-июлга чейин болмокчу. Активист Кылмыш кодексинин кайсы беренеси менен айыпталып жатканы ачыкталган жок.