Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Иманкуловдун аскердик чини генерал-майор, мурда УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары болуп иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин бул кызматты Рыскелди Мусаев аркалап келген.
Марат Иманкулов генерал-майор, мурда УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары болуп иштеген. 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.