Лейлекте чек арада жүргөн тажик аскерлери боюнча милиция түшүндүрмө берди

Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген. Кырдаал туруктуу. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Лейлек районунун Арка айылына тажик чек ара аскерлери келди деген маалымат боюнча облустук милиция билдирүү таратты.
Бүгүн түштөн кийин социалдык тармактарда “Арка айылына тажик аскерлери кайра келе баштады...” деген видеолор тараган. Анда чек арага жакын жерде автомат асынган эки аскер турганын көрүүгө болот.
Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген.
“Бүгүн мамлекеттик чек ара аймагынын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка-1 аймагында тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары тез арада буга чара көрүп, мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын койгон. Тажик тарап ошол эле замат бул талапты аткарган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасын бөлчү чийин кайсы тилкелерде сызыла турганы айтылды
Саат 23.15ке карата берилген маалымат боюнча, Лейлек районунун Арка, Достук, Борбордук, Жаштык, Максат, Интернационал, Саада, Кулунду, Эски-Оочу айылдарында коомдук жана ыкчам кырдаал туруктуу. Коомдук коопсуздук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.
Милиция тараткан маалыматта, азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында ар бир мамлекеттик органдар өз милдеттеринин алкагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылды.