Кыргызстандагы тажик жарандары депортацияланып жатабы? ИИМдин жообу

Коңшу өлкөнүн жарандары мамлекеттин аймагынан чыгарылып жатат деген маалыматтар айрым ЖМКларга чыгып кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстандан тажик паспорту менен жүргөн жарандар депортацияланып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Билдирүүдө буга чейин коңшу өлкөнүн жарандары мамлекеттин аймагынан чыгарылып жатат деген маалыматтар тарап кеткени айтылат.
Министрлик Кыргызстандын мыйзамдарында "депортация" деген түшүнүк жок экенин, эгер чет өлкөлүк жаран өлкө мыйзамдарын бузса жазасын өтөгөндөн кийин аймактан чыгарыла турганын белгиледи.