6 бейтап каза таап, 416 кишиден COVID аныкталды. Соңку маалымат

Расмий маалыматта 2020-жылдын март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен 98 079 адамдын ооруганы айтылат. Алардын ичинен 91 267 киши сакайып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 416 адамга жукса, 308 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыгып кеткендер:
Расмий маалыматта 2020-жылдын март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен 98 079 адамдын ооруганы айтылат. Алардын ичинен 91 267 киши сакайып кетти.
Тилекке каршы, COVID-19 илдети өткөн суткада алты кыргызстандыктын өмүрүн алды. Алардын төртөө Бишкек шаарынын, экөө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын тургундары болчу. Ушуну менен вирустан каза тапкандардын саны 1 649га жетти.
Учурда ооруканада 1 653, амбулатордук дарыланууда 2 514 бейтап жатат.