Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал кандай экени айтылды

Азыркы тапта тажик тараптын курал колдонгону боюнча далилдерди чогултуп, келтирилген зыянды тактоо иштерин 52 ыкчам тергөө тобу аткарып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. ИИМдин 8-майга карата берген маалыматына ылайык, Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы аймактарында абал туруктуу, чек аралаш жайгашкан айылдар милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Ушу тапта бир жума мурун чыр чыккан жерде ИИМдин атайын даярдыктагы "Шер" жана УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
"Мындан тышкары, Бишкек, Ош шаарлары менен Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынан келген ыкчам тергөө топтору иштөөдө. Азыркы тапта тажик тараптын курал колдонгону боюнча далилдерди чогултуп, келтирилген зыянды тактоо иштерин аткарган 52 топ бар", — деп айтылат маалыматта.
Муну менен бирге милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатат.