COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар. Аймактар боюнча статистика

Көпчүлүк Кытайдын Sinopharm дарысын сайдырып жатат. Ал эми 65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорусу барлар россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Акыркы сутка ичинде өлкөдө 4 443 жаран коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
8-майга карата Кыргызстан боюнча эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 41 854кө жетти. 5 317 кыргызстандык препараттын экинчи компонентин алышкан.
Аймактар боюнча статистика:
Кыргызстанда калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Март айынын аягында Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары берилген.
Мындан сырткары. Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынан 20 миң доза алынган. Анын саны чектелүү болгондугуна байланыштуу бул дары 65 жаштан ашкандарга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып жатат.