Агасы менен отунга бараткан. Чаткалда 6 жаштагы бала дарыяга агып кетти

Издөө иштерине 12 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, 20 жергиликтүү тургун, жалпы 42 адам тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына алты жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
1 / 3
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына алты жаштагы бала агып кетти
2 / 3
Маалыматка караганда, дарыя тарапка бир тууган агасы экөө отун алуу үчүн барышкан
3 / 3
Саат 11:20лар чамасында издөө иштерине Чаткал райондук өрт куткаруу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилиги алдында 12 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, 20 жергиликтүү тургун, жалпы 42 адам тартылган
Маалыматка караганда, дарыя тарапка бир тууган агасы экөө отун алуу үчүн барышкан. Саат 11:20лар чамасында издөө иштерине Чаткал райондук өрт куткаруу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилиги алдында 12 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, 20 жергиликтүү тургун, жалпы 42 адам тартылган.
Учурда издөө уланууда, кошумча маалымат берилет.